Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 07.05.2018 18:20

Жеңишке 73 жыл: Баткендеги окуучулар согушка катышкан чоң аталарын эскеришти (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы З.Абдукаримов атындагы мектептин окуучулары Жеңиш күнүн белгилеп, ардагерлерди эскерүүдө. Бул тууралуу мектептин соцпедагогу Карамат Закирова билдирди.

Анын айтымында, мектепте Жеңиш күнү жыл сайын белгиленип, окуучулар айылдагы ардагерлердин үйүнө барып жардам беришет.

«Окуучулар айылдагы оорукта эмгектенген апаларга арнап концерттик программа да уюштурушкан. Көзү өтүп кеткен ардагерлердин үйлөрүнө барып жардам да беришет.

Кара-Булак айылынан Улуу Ата Мекендик согушка 300дөн ашуун улан кетип, анын 100гө жакыны гана тирүү кайтып келген. Алардын ичинен 40ка жакын ардагердин гана небере-чөбөрөлөрү бул мектепте билим алышат. Алар жыл сайын ардагер чоң аталарын эскерип кече өткөрүшөт. Мектепке ысымы ыйгарылган Абдукаримов Закир ата дагы согуштун катышуучусу болгон», - деди ал деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×