Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуБаткен району 08.05.2018 08:56

Жеңишке 73 жыл: Баткендик Калча апанын атасы, 15 жаштагы агасы катары менен согушка кетип, кайтып келген эмес

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы 83 жаштагы Матураимова Калча апанын согушка кеткен атасы менен агасы кайтып келген эмес. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, согуш башталган жылы 7 жашта болчу. Ал жылдары башка балдар сыяктуу эле оорукта иштеген.

«7 жашымда согуш башталып, атам менен агам бирдей согушка кетишкен. Агам анда 15 жашта эле. Биз апам менен аларды узатып кала бердик. Атамдан бир жолу кат келди. Ал кат тааныбагандыктан эптеп жазып, бизге дайынын билдирген. Анда «кан төгүлүп жатат, согуш уланууда» деп жазган. Акыркы каты ошол болду. Андан кийин атамдан дайын жок болду. Согуш бүтүп, жеңиш үнү угулса да биз кайтып келбеген атам менен агамды күтүп, үмүт үзбөдүк. Азыр эми күтүүдөн чарчаганбыз. Атамды жашымдан жоготуп, ата нанын татпадым. Менин балдарымды, неберелерин көрбөй кетти. Азыр менин балдарым атамды тааныбайт. Эч болбосо деп Жеңиш күнү эскерип, куран окуп турабыз. Ардагерлерге ыраазыбыз», - деди ал.

Калча апа 6 кыз, 5 уул, 30 небере жана 21 чөбөрөнүн энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×