Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Жеңеке: Лейлектик Мамахаба жеңе жокчулук учурда турмушка чыкканына карабай азыр 5 бала, 2 неберенин апасы болду (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы Ормошова Мамахаба жеңе көп кыйынчылыктарга карабай, жолдошуна арка-жөлөк болуп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Кубанычбек Жапаров экөө 1995-жылы баш кошкон. Учурда мектепте ашпозчу болуп иштесе, жолдошу Лейлек айыл өкмөтүнүн эсепчиси болуп иштеп жатат.

«Өзүм Лейлектин Катраң айылынан болом. Биздин айыл Кара-Суу айылына жакын болгондуктан күйөөм дос балдары менен биздин айылга топ ойноп келишчү. Биздин айылда болгондугу үчүнбү кыздардан уялып сүйлөй алышчу эмес. Биз шок кыздар элек, өзүбүз тийишип, «таанышып алалы» деп таанышканбыз. Мен тамашалап «атым Жазгүл» десем, жолдошум «жакшы атың бар экен Мамахаба» деп күлүп жатпайбы. Көрсө сыртымдан сурап таанып алган экен. Ошентип артымдан чуркай баштады. Биздин айылда эжеси бар эле. Ал эжесинен майрамдарда белектерди берип жиберчү. Ал мезгилде телефон жок болчу, үйүмдүн артына келип отуруп алчу.

Биз 1995-жылы баш коштук. Ал мезгил жокчулук, оор учур болгондуктан турмуш көп кыйынчылык жаратты. Эл акча таба албай араң тирилик кылчу. Жүгөрүнү нан кылып жеген учурларыбыз болгон. Кайын агам бөлүнө элек эле. Бир үйдө 12 киши жашачубуз. Камыр жууруганды, тамак жасаганды билчү эмесмин. Турмуш бардыгын мажбурлап үйрөттү. Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылдым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин кездеги кызыктуу окуяны айтып берди.

«Абысыным экөөбүз талаага тезек тергени чыктык. Сүйлөшүп кичине эс алып алалы деп отуруп, уктап калыптырбыз. Турсак эле кеч кирип кетиптир. Кап да толгон эмес. Шашып үйгө жөнөсөк күйөөм менен кайын агам издеп келе жатыптыр. Үйгө келип тил укканбыз», - деди Мамахаба жеңе.

Жолдошу Кубанычбек мырза улуу кызын турмушка узатып, неберелүү болушканын кошумчалады.

«Жубайымды Катраң айылына топ ойногону барганда көрүп жактырып калдым. Мамахаба да макул болуп, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Мен үйдө эркек балдардан кичүүсү болгондуктан тезирээк үйлөнүүгө туура келди. Жубайым 11-классты бүтөрү менен үйлөндүк. Мамахабанын жумшак, таарынбаган мүнөзү жагат. Менин оор мүнөзүмдү көтөрө билет. Турмушта ар кандай оош-кыйыштар көп болот. Жубайым экөөбүз акырындык менен бардыгын жеңип келе жатабыз», - деди ал.

Жубайлар 2 уул, 3 кыз, 2 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
×