Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Баткен 07.05.2018 17:45

Баткенде милиция кызматкерлеринин арасында футбол мелдеш өттү

Turmush -  Бүгүн, 7-майда Баткен шаарында Баткен ОИИБдин алгачкы жетекчиси, маркум Кубатбек Ишеналиевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдешке Баткендеги, Ош жана Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлеринен куралган 14 команда катышууда. Анда маркумдун жакындарына Кубатбек Ишеналиевдин сүрөтү түшүрүлгөн килем тапшырылды. Жеңүүчүлөргө жалпы 100 000 сом байге каралган.

Жыйынтык:

- 1-орун — Баткен ОИИБдинн курама командасы (30 миң сом);

- 2-орун — Ош ОИИБдин командасы (20 миң сом);

- 3-орун — №2001 аскер бөлүктүн командасы (10 миң сом);

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×