Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

И.Ташовдун жетекчилигиндеги «Кадамжай» коому кошуна өлкөнүн спортчулары катышкан мелдештерди өткөрдү (фото, видео)

Turmush -  1-май – Эмгекчилердин майрамына карата «Кадамжай» коому эл аралык күрөш мелдешин өткөрдү. Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында өткөн спорттук иш-чарага Өзбекстан, Казакстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан балбандар келип, күч сынашкан. Аны менен бирге бир нече улуттук оюндар да өткөрүлдү.

Жыйынтыгында күрөштүн жеңүүчүсүнө 1 автоунаа, эр эңиш боюнча жеңүүчүлөргө 2 тай, волейбол боюнча жеңүүчүлөргө 1 тай берилди. Ал эми 35 жаштан жогоркуларга 15 миң сом, жаштарга 10 миң сом сыйлык берилсе, күрөш боюнча балдар арасындагы жеңүүчүгө 20 миң сом тапшырылды. Аркан тартыш боюнча жеңүүчүгө 1 кой, 1 сыналгы жана 5 миң сом берилсе, таяк тартыш боюнча жеңүүчү аталган спортчу 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Спорттук иш-чаралар ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлүп, ушундай эле иш-чара 21-22-апрель күндөрү «Кадамжай» коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарында да уюштурулган болчу. Анда волейбол боюнча республикалык мелдеш болуп, Кыргызстандын бардык облусунан жалпы 18 команда күч сынашты.

Кызуу атаандаштык менен өткөн мелдештин жыйынтыгы:

- 1-орунду Ноокат району;

- 2-орунду Өзгөн району;

- 3-орунду Лейлек районунун оюнчулары ээлеп кайтышты.

Мелдештин жыйынтыгында «Кадамжай» коомдук фондунун президенти Имамидин Ташовго сөз берилип, жеңүүчүлөрдү куттуктап өттү. Мындагы башкы максат райондор аралык ынтымакты бекемдөө жана ортодогу сый мамилени жакшыртуу керектигин белгилеген. Ошондой эле мындан кийин ар жылы бул иш-чара өтүп турарын, кийинкилери мындан да жогорку деңгээлде өткөрүлөрүн билдирди.

Эки күнгө созулган мелдештин жалпы байге фонду 100 миң сомду түзгөн. Бул спорттук мелдештердин катарында 24-февралда Кадамжай районунун Халминон айыл аймагында «Кадамжай» коому өткөргөн улак тартыш оюну да бар. Бул оюн да кызыктуу өтүп, райондогу ар бир айыл өкмөттөрдүн аксакалдары, күйөрмандары жана кошуна Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн да оюнчулар кытышкан. Алар өздөрүнүн ыраазычылыктарын уюштуруучуларга айтып кетишти. Анын жыйынтыгында байге катары 1 автоунаа, 1 тѳѳ, тогуз баш кара мал, 10дон ашык тай, 15тен ашык кой жана акчалай сыйлыктар берилди.

«Районубуздун суусун ичип, абасын жутуп, билимин алып, азыркы күндө Бишкек шаарында эмгектенип жаткан жердештерибиз “Кадамжай” коомунун мүчөлөрү атайын районубузга барып, элдерге дем-күч берүү, ынтымакка чакыруу, калкыбызга дух берүү, достукту чыңдоо, жаштарды сергек жашоого жана спортко тартуу, улуттук оюндарын өнүктүрүү максаттарында мелдеш өткөрдүк. Улак тартыш оюнун өткөрүүгө салым кошкон районубуздагы баардык мекеме-ишканаларга, демөөрчүлүк кылган коомубуздун мүчөлөрүнө жана келип колдоп, коштоп кеткен тургундарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Буга кошо борбор калаада бир топ иш-чаралар уюштурулуп тургандыктан "Кадамжай" коомуна өз салымын кошууну каалаган Кадамжай районунун тургундарын фонддун мүчөсү болууга чакырабыз. Бул коом элге жакындан жардам берүү жана ар тараптан колдоо көрсөтүү максатында түптөлүп, иш жүргүзүп келет», - деп айтылат аталган коом тараткан маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2491
×