Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 04.05.2018 16:20 На русском

Кызыл-Кыяда жарандык никедеги аялын сабап өлтүргөн адам 10 жылга камалды

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык соту жарандык никедеги аялын сабап өлтүргөн Алексейдин (аты өзгөртүлдү, Д.А.Р.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Ал буга чейин соттолгону соттун токтомунда айтылат.

Кылмыштын чоо-жайы

Соттолуучу мас абалда ушул жылдын 20-январында саат 23:30 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы үйүндө жарандык никедеги аялы Ританы (аты өзгөртүлдү, С.Р.Р.) ур-токмокко алган. Буга алардын ортосунда чыккан жаңжал себеп болгон. Алексей Ританы башка жана бетке уруп, ал жерге кулап калгандан кийин да тепкилеген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам өзүнө келбей шаардык ооруканада каза болгон.

Соттолуучу Алексейдин көрсөтмөсү

20-январь күнү саат 10:00 чамасында жумушунан (шахтада эмгектенген) түнкү нөөмөттөн чыгып, мончого барган. Ал аялына телефон чалып, таза кийимдерди алып келүүсүн айткан. Мончодон кайтып келе жатканда таксиде мас абалдагы жубайлардын ортосунда уруш чыккан. Алар кечке маал кайра урушуп башташкан. Урушка аялынын дүкөндөн өзүнө спирт ичимдиктерин алганы себеп болгон. Алексей аялын ур-токмокко алып, ал жыгылып, абалы оорлоп баштаганда тез жардам кызматын чакырган.

Жыйынтыгында сот Алексейди 10 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×