Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Баткенде милициянын жаңы имараты колдонууга берилди

Turmush -  Баткендин Кызыл-Кыя шаарында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын түштүк башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, эски имаратта орун жетишпей, өздүк курамга ыңгайсыздыктар жаралып келген. Жаңы имарат 12 иш бөлмө жана окуу класстары менен жабдылган.

Ачылыш аземге милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Иш-чаранын алкагында түзүмдүн бир катар кызматкерлери ардак баракчалар менен сыйланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 505
Көп окулду
×