Айыл турмушу: Баткендик уста К.Садиров айына 15 комуз чаап, башка облустагы кардарларына салып жиберет (фото)
Turmush - Баткен районунун Кара-Булак айылындагы 50 жаштагы уста Каламбек Садиров айына 15 комуз чаап, Кыргызстандын бардык аймактарындагы кардарларына жөнөтөт. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, комуз чапканды айылдашынан үйрөнгөн.
«20 жылдан бери устачылык кылып, комуздан башка аш такта, атка ээр, депкир, казанга капкак жана башка буюмдарды жасайм. Комузга кардарлар көп. Айына 15 комуз даярдап чыгарам. Эгер материал даяр болсо 1 комузду 1 күндө даярдай алам. Баасы 2000 сомдон 8000 сомго чейин. Көбүнчө өрүктөн жасайм. Анткени бышык болот. Айрыкча көп жылдык кургаган өрүктөр бышык болот. Биздин Кара-Булак айылынын өрүктөрүнөн жакшы, бекем комуздар даярдалат. Колумдан канча комуз чыкканын так билбейм. 20 жылдан бери жасайм. Башта үй куруп, устачылык кылчумун», - деди ал.
Уста 1 уул, 1 кыздын атасы.