Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Жеңиш майрамына карата Баткендеги 2 ардагерге 100 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды (видео)

Turmush -  Быйыл Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Баткен шаарындагы 2 ардагерге — Рахматов Ашир ата менен Бурканов Садык атага 100 миң сомдон акчалай жардамдар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов алардын үйүнө барып, Жеңиш майрамы менен куттуктап, мэриянын атынан 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Мындан тышкары КРнын президентинин атынан 15 миң сом, өкмөттүн атынан 15 миң сомдон сыйлыктар берилген.

Ардагерлерге ай сайын берилүүчү 5000 сомдук стипендиясынын 2 айлыгы, Баткен шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, шаардагы мугалимдердин эмгек жамаатынын атынан топтолгон акчалай сыйлыктар дагы тапшырылды.

Баткен шаарында согуштун 2 ардагери — Рахматов Ашир ата менен Бурканов Садык ата калган. Былтыр Жеңиш майрамына карата аталган 2 ардагерге «Жигули» үлгүсүндөгү 2 унаа тапшырылган болчу. Шаар мэри Мамыржан Рахимов ардагерлер үчүн шаардык бюджеттен 200 миң сом, шаардык депутаттар жана жеке ишкерлер тарабынан 104 миң сом бөлүнгөндүгүн кабарлаган. Топтолгон 300 миң сомго унаалар алынган. Аларга унаадан тышкары акчалай сыйлыктар да тапшырылган.

Ашир атанын таржымалы:

Ашир атанын айтымында, жеңишти айылынан тоскон. 1940-жылы Ыраакы Чыгышта согуштук даярдыктан өтүп, Москванын алдындагы салгылашуудан бутунан жаракат алган.

Ашир ата

«Госпиталдан дарыланып чыгып, кайра согушка аттандым. Астрахань шаарындагы катуу салгылашта экинчи ирет колумдан жаракат алдым. Жаракаттарымдан улам мекенге кайтып келип, мектепте мугалим болуп иштей баштадым. Жеңишти Баткен районунун Кара-Булак айылындагы мектепте директор болуп иштеп жүргөндө уктум. Кубанып көчөгө чыгып, баш кийимдерибизди асманга ыргытканбыз», - деген ардагер.

Ардагер ата 1939-жылы үйлөнгөн. Согуштан келген соң 5 уул, 2 кыздуу болгон. Учурда 28 небереси, 58 чөбөрөсү бар.

Садык атанын таржымалы:

Садык атанын айтымында, согушта cнайперчи болуп кызмат өтөгөн. 1940-жылы Түркмөнстанда снайперликтин 3 айлык курсун окуган. Согушка 18 жашында аттанган. Кийин Сталинграддагы катуу салгылаштарда аткычтар дивизиясында снайперчи болгон. Андан соң туткундар лагеринде туткундарды кайтарып кызмат кылган. Согуш бүткөндөн кийин Казакстанда кызмат өтөгөн.

Садык ата

«Согуш бүтсө да бизди мекенге кайтарган жок. Согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерин жүргүздүк. Колго түшкөн туткундарды ар кандай кара жумуштарга, жаңы курулган имараттарга, заводдордо, шахталарда иштетчүбүз. «Үйгө кетем» деген сөздү айтчу эмеспиз, тартип катуу болчу. 1950-жылы мекенге кайтып келдим. Бүгүнкү күндө 3 балам, 12 неберем, 35 чөбөрөм бар», - деген ардагер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1704
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×