Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 03.05.2018 14:00

Сүлүктүдөгү окуучулар өрттөн сактануу боюнча машыгуудан өтүштү

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы №7 орто мектебинде өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМдин Сүлүктүдөгү бөлүмүнүн башчысы Улан Мурзамуратов билдирди.

Иш-чарада тез жардамчылар менен өрт өчүрүүчүлөрдүн биргелешип иштөө даярдыгы текшерилди. Атайын даярдык учурунда мектептин 1-кабатында жайгашкан ашканада шарттуу түрдө өрт чыгарылды. Өрт чыккан учурда ашканада 9-Б классы тамактанып жаткан. Белгиленген мөөнөттө атайын сигналдар берилип, өрт өчүрүү кызматына кабарлаган. Андан кийин куткаруучулар келип, өз убагында жардам көрсөтүлдү.

Өрт өчүрүү кызматы өз убагында келгени менен мектепке баруучу Темирбай Марипов көчөсүндө башкалар менен жол талашып, тыгылып калышкан. Анын негизинде мектеп жетекчилигине кошумча айланма жол ачуу сунушу берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×