Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Кадамжайдагы Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарына кызыл китеп берилип, бирок жер бөлүнгөн эмес (видео)

Turmush -  Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары айыл өкмөт башчысына нааразычылык билдирип, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту. Алар мыйзамдуу бөлүнгөн жер тилкелер тургундарга берилбей, ижарага берилип кеткенин айтышууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Маалым болгондой, айылдагы 36 адамда жер алганы боюнча кызыл китеби бар. Мындан тышкары 23 тургун жер боюнча техникалык паспортторду көрсөтүп жатышат. Бирок алар жерди өздөрү пайдаланбай, башка адамдар айыл өкмөттөн ижарага алышкан.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургуну, мурдагы айыл өкмөт башчысы Тургуналы Нышанбаев мыйзамдын негизинде 60 гектар жер трансформация болгонун, документтери бар 59 тургун өз жерлерин пайдалана албай жатканын айтат.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундары

«Мен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысымын. Мыйзамдын негизинде 60 гектер жер трансформация болгон. Айрым себептер менен 7 гектар жер убактылуу берилбей калган. Ар кандай шылтоо менен бербей келишет. Арыздардан кийин текшерүүлөр да жүргөн. Иш Жогорку сотко чейин жетип, бирок элдин талабы аткарылбай калды.

Башкы план туура эмес түзүлүп калыптыр деген шылтоолор да айтылган. Кыскасын айтканда, элдин жер бөлүп берүү сунушу аткарылбай келет», - дейт Тургуналы Нышанбаев.

Жер алгандыгы боюнча кызыл китеби бар айыл тургуну Акимжан Шерматов мыйзамдуу документи болсо да жер берилбегенин түшүнө албай келет.

«Менде кызыл китеп бар. Бирок ушул күнгө чейин өз жерибизди ала албай келебиз. Айыл өкмөт башчысы бизге жер берүү ою жок. Биз президентибизден акыйкат чечим чыгарып берүүгө жардам беришин сурайбыз», - деди айыл тургуну Акимжан Шерматов.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджон Абдрахманов бул маселе боюнча Кадамжай районунун акиминин жетекчилиги астында жыйын өткөндүгүн билдирди. Айыл өкмөт башчысы жөнөткөн маалыматта өкмөттүн 2005-жылдагы токтому менен 60 гектер жер трансформация болгондугу, анын ичинен 56 гектары сугат, 4 гектары бак-дарактары бар аянт экендиги көрсөтүлгөн. Анын ичинен Сулайманабад аймагынан 7 гектар жер аянты айыл өкмөттүн 2005-жылдагы токтому менен турак жай куруу үчүн муктаждарга берилгендиги, бирок учурдагы айыл өкмөт башчы тарабынан мыйзамсыз деп эсептелинип, токтомдорду жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылуулар болгондугу айтылат.

«Мурдагы башкы планды жокко чыгаруу үчүн Үч-Коргон айылдык кеңеши сотко кайрылган. Жогорку сотто акыркы чечим чыгып, 3-апрелде элдин пайдасына чечилди. Бирок соттун чечими аткарууга келе элек. Ал жерден жогорку чыңалуудагы электр тогу да өткөн эле. Бирок биз соттун чечимин мыйзамдуу түрдө аткарабыз. Бул маселени айылдык кеңештин депутаттары карап чыгат», - деди Ахмаожон Абдырахманов,


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1545
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×