Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 03.05.2018 09:43

Кадамжайда милиция кызматкерлеринин футбол боюнча мелдеши өттү

Turmush -  Кадамжай шаарында 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата милиция кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, мелдешке Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай шаарларынын, Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунун командалары катышты.

Жыйынтык:

- 1-орун — «Шумкар» атайын багыттагы полку;

- 2-орун — Баткен ОИИБ;

- 3-орун — Баткен ШИИБ;

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×