Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Сүлүктүдө чет өлкөлүктөр катышкан эрежесиз эр таймаш боюнча мелдеш өтөт

Turmush -  9-майда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу турнирди уюштуруучулардын бири Эркинбек Сапаркулов билдирди.

Анын айтымында, мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген мушкерлер күч сынашат. Мелдеш Улуу Жеңиш майрамына, Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгына жана Москвадагы дене тарбия институтунда спорттук менеджмент адистиги боюнча билим алып жаткан сүлүктүлүк Эркинбек Мансуровдун дипломдук ишине карата уюштурулат. Беттештер 610 адамга ылайыкташтырылган Сүлүктү маданият үйүндө өткөрүлөт.

Билет баасы 500 сом. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай байгелер тапшырылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 357
×