Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 01.05.2018 13:23 Жаңыланды: 01.05.2018 17:40

Фото — Кадамжайдын Тамаша айылында жүздөгөн адамдар жумуртка уруштуруу оюну өттү

Turmush -  Бүгүн, 1-май — Эмгекчилердин майрамына карата Кадамжай районунун Тамаша айылында жыл сайын өткөрүлүүчү жумуртка уруштуруу оюну өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жумуртка уруштуруу оюну СССР учурунан бери белгиленип келет. Бул оюнга башка айылдардан жүздөгөн адамдар келип катышат. Жумурткаларды атайын ар кандай түстөргө боеп, сууга бышырып келүү керек. 2 адам жумурткаларын бири-бирине алды жагынан да арт жагынан да ургулайт. Кимдин жумурткасы 2 тарабынан тең сынып кетсе жеңилген болот. Утулуп калган адам сынып калган жумурткасын жеңүүчүгө берет. Ортого акча коюп да уруштургандар болот. Жумурткага окшогон таштарды да атайын даярдап, элди алдап утуп кеткендер да кездешет. Бул оюн адамдардын көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулуп келет.

Иш-чаранын алкагында футбол, волейбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча боюнча мелдештер өтүп жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Концерттик программа да тартууланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×