Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 30.04.2018 16:58

Баткенде маркум Д.Акматбековдун жаркын элесине арналган футболдук мелдеш өттү

Turmush -  Баткен шаарында маркум Догдурбек Акматбековдун жаркын элесине арналган эки кундук футбол мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин башчысы Жумабай Токсобаев билдирди.

Анын айтымында, спорттук мелдешке жалпы 30 команда катышкан. Жыйынтыгында 1-орунду 1989-жылы туулган спортчулар багыдырса, 2-орунга 1995-жылы туулган жигиттер татыктуу болду. Ал эми 3-орунду 2000-жылы туулган спортчулар ээлешти.

Ошондой эле жашы 35тен жогору болгон футболчулардын арасында 1-орунду 1975-жылы туулган спортчулар алды. Ал эми 2-орунду 1978-жылы туулган футболчулар, 3-орунду 1980-жылы туулган футболчулар багындырды.

Жыйынтыгында 1-орунду алган спортчуларга 12 миң сом, 2-орунга 8 миң сом, 3-орунга 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары, эң мыкты оюнчуларга 1000 сомдон берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×