Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 27.04.2018 14:12

Баткенде 30 команда катышкан футбол боюнча мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Баткен шаарында маркум Догдурбек Акматбековдун жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган мелдеш анын классташтары, үй-бүлөсү жана шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду. Мелдеште 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан жогоркулар эки топко бөлүнүп таймаш өтүп жатат. Жалпысынан 30 команда катышууда. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×