Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 27.04.2018 09:00 Жаңыланды: 22.08.2018 11:46

Айыл турмушу: Лейлектик медайым М.Рысалиева кесиптештери менен чогуу жылына 4 миңге жакын бейтапты дарылайт (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Лейлек айылынын 52 жаштагы тургуну Мархамат Рысалиева 32 жылдан бери медайым болуп иштеп, элди дарылап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Лейлек районунун Сүлүктү шаарында чоңойгон. Окуучу кезинде англис тили мугалими болууну кыялданчу. Бирок капысынан Жалал-Абад шаарындагы медициналык колледжге барып, сынак тапшырбай эле талкуу менен өтүп кеткен.

«Кыялыма жетпегеним менен аркалаган кесибимди сүйүп, берилүү менен иштеп келем. 1991-жылы Лейлектин Кара-Суу айылына келин болуп келдим. Ошондон бери Кара-Суу айылындагы бейтапканада иштеп жатам. Көп балдардын Умай энеси болдум. Жумушта бейтап келсе кошо ооруп, айыкса кошо айыгасың. Маянабыз 9000 сом. Жылына болжол менен 3500-4000 бейтапты дарылайбыз. Учурдагы эң негизги көйгөйлөрүбүздүн бири — фельдшердик-акушердик пункт аябай кичине. Бейтаптар келсе батпай калат. Айла жок үйүм жакын болгондуктан, асма уколдорду бейтаптарды үйгө жаткырып саям. Биздин ФАПка Лейлек айылы, Кара-Суу айылдары эле эмес, Баткен районунун Рават айылынан бери келишет», - деди ал.

Медайым кесибинин аркасы менен жергиликтүү бир топ сыйлыктар менен сыйланган. Жолдошу Миталип Субанов экөө 2 уул, 2 кыз жана 3 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×