Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 26.04.2018 13:10

Фото — Баткендик 15 жаштагы Жасмина «Мисс футбол 2018» сынагына катышууда

Turmush -  Баткен шаарынын 15 жаштагы тургуну Жасмина Сайдиманова «Мисс футбол 2018» сынагынын 2-туруна өттү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин Кыргызстандын Футбол федерациясы жыл сайын өтүүчү «Футбол сулуусу» сынагына катыша турган кыздардын сүрөттөрүн жарыялаган. Таймашка катышууну каалаган кыздар 10-апрелге чейин футбол темасындагы сүрөтүн федерациянын электрондук дарегине жиберишкен. Алардын ичинен 11 кыз тандалып, 2-турга жолдомо алышкан.

«Мен сүрөтүмдү сынакка 16-апрелде жөнөткөм. 17-апрелде 2-турга өткөндүгүмдү кабарлашты. 21-апрель күнү Ош шаарындагы футбол академиясында сынактын катышуучуларына бирдей форма берип, фотосессия кылышты. 2-турдун жыйынтыгы 7-майда чыгарылат. Азыркы тапта добуш берүү уланып жатат. Эң көп добуш алган 3 кыз тандалып алынып, 3-турга катышууга жолдомо алышат. Алардын ичинен бирөөсү «Футбол сулуусу 2018» болуп тандалат» деди.

Жасмина учурда Баткендеги В.Ленин атындагы орто мектебинде 9-класста окуйт. 7-классынан баштап футболго кызыгып, «Баткен Сити» командасында ойноп келет. Жумасына 3 жолу футбол боюнча машыгууга барат. Келечекте футбол боюнча кыздар командасынын машыктыруучусу болууну каалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×