Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 26.04.2018 11:20 Жаңыланды: 30.08.2018 16:20

Айыл турмушу: Д.Кенжебаев Лейлектин Көк-Таш айылында биринчи жолу күнөскана куруп, айылдаштарына үлгү болууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну Дүйшөбай Кенжебаев өзүнүн айылында биринчи болуп күнөскана куруп, жашылча өстүрдү. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан элетте күнөскана куруу үчүн 250 миң сом сарптаган. Азыр эми үзүрүн көрүүдө.

«Биздин айыл дыйканчылыкка ылайыкташкан эмес. Күн суук болуп, кыш эрте келип, кеч кетет. Ошондуктан көпчүлүк мал чарба менен алектенет же миграцияда жүрүшөт. Андыктан күнөскана куруп, дыйканчылык кылып көрөлү деп 2017-жылы күнөскана кургам. Ага 250 миң сом сарптадым. Биринчи жылы жол-жобосун билбей калдык окшойт, помидорлор эрте эле гүлүн төгүп салды. Бадыраң жакшы түшүм берди. Ар бир түбүнөн 10 кг түшүм алынды.

Күн суук болуп жаткандыктан күнөскананы жылытууга көмүр көп кетип жатат. Ал эми түшүмдү коңшу-колоң сатып алып жаткандыктан базарга чыгып убара болгон жокпуз. Бадыраңдан 60 миң сомдой киреше түштү. Жылына 3 жолу түшүм берет экен. Быйыл эми помидордун түшүмүн көрөбүз. Бирок алар азыр кызара элек. Түшүмдү Исфана шаарынын базарына алып чыгабыз», - деди ал.

Дыйкандын күнөсканасы башка айылдаштарына дагы үлгү болуп жатат.

«Бизде жашылчаларды эч ким өстүрбөгөндүктөн шаардан гана алып келчүбүз. Азыр жакшы болуп калды, келип кошунабыздан сатып алабыз. Өстүрсө болот экен деп эми биз да кызыгып жатабыз. Эми айылдагылар бул тармакка да басым жасаса болот», - деди айыл тургуну Абдиманап Амиракулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.