Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Кадамжай шаарындагы маданият үйү оңдолуп жатат

Turmush -  Кадамжай шаарындагы маданият үйү капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маданият үйүнүн башчысы Асылбек Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштерине мамлекет тарабынан 3 млн 800 сом сарпталды. Анын 1 млн 600 миң сомуна чатыры алмаштырылды. Имарат 1980-жылдан бери бир да жолу оңдолбой келген. Бүгүнкү күндө оңдоо иштери 90% аяктады.

2 кабаттуу бул имараттын 2-кабатында китепкана жайгашкан. Эскилиги жеткен чатырдан тамчы өтүп турчу. Китепканада 12 адам, маданият үйүндө 12 адам эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1341
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×