Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу 25.04.2018 08:50

Лейлектен жоголгон 5 жаштагы баланын денеси Тажикстандагы каналдан табылды

Turmush -  Баткендеги Лейлек районунун Арка айылында жоголгон 5 жашар баланын денеси Тажикстандын аймагынан табылды. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматтар боюнча, 5 жаштагы бала 23-апрель күнү кечке маал аталган айылдагы үйүнөн көчөгө атасын издеп чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштери жүргүзүлүп, денеси кечээ, 24-апрелде Тажикстандын Гафуров шаарындагы суу аккан каналдан табылды. Милиция кызматкерлери ал каналдагы сууга агып кеткен деп болжолдоп жатышат. Баланын денеси кечээ жерге берилди.

Гафуров - Лейлек (карта)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×