Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 24.04.2018 17:46

Кадамжайдагы сурьма комбинатынын имараты оңдолуп, мэриянын мекемесине айланды (фото)

Turmush -  Кадамжай шаарында сурьма комбинатынын мурдагы имараты оңдолуп, мэриянын имаратына айланды.

Шаар мэри Бакытбек Бегалиевдин айтымында, имарат акыркы 2 жылга чейин сурьма комбинатынын карамагында болгон. Аны оңдоо иштерине 3 млн 100 миң сом сарпталууда. Акча шаардык мэриянын бюджетинен бөлүнгөн.

«Биз бул имаратты 2 жыл мурда сурьма комбинатынан алганбыз. Союз убагындагы имарат болгондуктан начар абалда эле. Бир айдан бери оңдоо иштерин аткарып жатабыз. Азыр толук бүтө элек. Учурда 3 млн 100 миң сомдук иш аткарылды», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×