Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусу, Кадамжай 24.04.2018 14:22

Кадамжай сурьма комбинаты эксперимент жүргүзүп, 25 тонна продукция өндүрдү

Turmush -  Кадамжай сурьма комбинаты эксперимент жүргүзүп, 25 тонна продукция өндүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга сурма комбинатынын башчысы Байзак Исаков билдирди.

Анын айтымында, долбоордун планы боюнча комбинат айына 70 тонна продукция өндүрүлүшү керек.

«Биз быйыл жаңы инвесторлор менен иш баштап, азыр калдыктарды кайра иштетип эксперимент жүргүздүк. Андан 25 тонна сурма өндүрдүк. Долбоордун планы боюнча айына 70 тонна өндүрүш алуубуз керек. Эксперимент натыйжалуу болгондуктан эми иш баштайбыз. Азыр комбинатта 30 киши эмгектенүүдө. Негизи толук иш баштаганда 90 киши жумуш менен камсыз болот. Ал эми кытайлык инвесторлор иштетип жаткан кичи сурма комбинатында да экспермент жүрүп жатат. Анда 15 тоннадай өндүрүш чыгарылды. Бул жерден өндүрүлгөн продукция Кытайга кетет», - деди Исаков.

Кадамжай сурма комбинатынын иши 2012-жылы токтоп калган болчу. Ишкана кайрадан 2017-жылдан тарта иштей баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×