Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Кадамжайда эт комбинаттан чыккан кан сууга кошулуп агып, сасып жатат (видео)

Turmush -  Кадамжай шаарындагы эт комбинатынын айланасы сасып, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, суу дагы кан аралашып агып жатат. Аба ырайы ысыгандыктан чымын-чиркейлер да көбөйгөн. Гигиеналык талаптар сакталган эмес.

«Президенттибизге кайрылабыз. Союз убагында калган эт комбинаты жеке адамга өтүп, бүгүнкү күндө да мал союлат. Жергиликтүү бийликке кайрылганыбыз менен жыйынтык жок. Жытына чыдабайбыз. Ал жайдын айланасында балдар ойнойт», - деди тургундардын бири.

Кадамжай райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жергиликтүү тургундардан арыз келип түшкөнүн, прокуратура тарабынан уруксат кагазы берилсе текшерүү жүргүзүлөрүн кабарлашты.

Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев эт комбинаты жеке менчикке сатылып кеткенин, арыздануулар болгонун билдирди.

«Эт комбинаты тууралуу көп арыз түшкөн. Коллегияларда эскертүүлөр да берилген. Эт комбинаттын айланасында адамдар жашайт. Мэрия шаардын четинен өзүнчө эт комбинатын ачабыз деп турабыз. Бир аз көйгөйлөрү чечиле элек», - деди мэр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1048
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×