Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 20.04.2018 18:00 Жаңыланды: 14.07.2018 13:05

Айыл турмушу: Лейлектик Г.Мусаева 60 тоок багып, айына 9 миң сомго чейин киреше табууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун тургуну Гүлзар Мусаева 60 тоок багып, күнүнө 30 жумуртка алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тоокторду 2 жыл мурда бага баштаган.

«2 жыл мурда жумурка багытындагы тооктон 40ты алып көбөйтө баштадык. Азыр 60ка жетти. Аларга ылайыктуу шарт менен тооккана курганбыз. Азырынча 60тан ашырбай жатабыз. Анткени тооккана тардык кылып жатат. Күнүнө 30дан ашуун жумуртка алам. Аны коңшу-колоңдорго же базарга алып чыгып, 1 даанасын 10 сомдон сатам. Айына 9000 миң сомго чейин киреше түшөт», - деди ал.

Гүлзара Мусаеванын үй-бүлөсү тоок чарбадан тышкары дыйканчылык менен да алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×