Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусу, Баткен 17.04.2018 17:47

Айыл турмушу: Баткендик студент сулуулук салон ачып, айына 10 миң сомдон пайда табууда (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 22 жаштагы тургуну Токтомат кызы Айгерим окуусу менен кошо сулуулук салонун ачып киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Ош шаарындагы окуу жайда бухгалтерия боюнча 5-курста окуйт.

«Салон ачканыма 1 жыл болду. Өзүм сулуулукка кызыкчу эмесмин. Бирок ишкерлик менен алектенгим келчү. Окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которуп, Баткенге сулуулук салонун ачтым. 1 жыл ичинде чач жасалгалоо, маникюр, педикюр, кирпик өстүрүү, макияж, чач кыскартуу сыяктуу бардык кызматтарды үйрөндүм. Азыр кардарларым көбөйүп калды. Азыр салондо 3 кыз иштейбиз. Күнүнө 10дон ашуун кардарлар келишет. 1 айда орто эсеп менен 10 миң сомдой киреше табам. Алдыда салонумдун кеңейтейин деген оюм бар», -деди ал.

Ишкер кыз үй-бүлөдө 2 бир тууган. Эжеси менен апасы чет өлкөдө жашап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×