Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Чүй

Алтын жасалгаларды жана акча уурдоого шектелген нарындык жигит кармалды (фото)

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан көп убакыттан бери Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы жана башка аймактардагы батирлерден акча каражаттарды, баалуу буюмдарды уурдап жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жакында Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын облусунун 1990-жылы туулган Т.Улукбек аттуу жашоочусу кармалды. Кармалган жаран мурда уурдоо жана тоноо фактылары боюнча бир нече жолу соттолгону маалым болду.

«Шектүү көп учурда өзүнө ылайыктуу үйдү караштырып, андан соң күндүзкү маалда эле ээлери жок учурда же терезеси ачык кезде уурулук менен алектенип жүргөн. Кылдаттык менен үйдүн ичине кирип, акча каражатын, алтын жасалгаларды жана баалуу буюмдарды гана уурдап жүргөн», - деп айтылат маалыматта.

Жакында Свердлов РИИБге арыз менен Бишкек шаарынын жашоочусу (аял киши) кайрылып, күндүз эле белгисиз адамдар үйгө кирип, 10 000 сом акча каражаты менен алтын жасалгаларын уурдап кеткендигин билдирген. Бул фактыга кармалган жарандын тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (уурдоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Жогоруда аталган жаран Бишкек шаарынын, Чүй облусунун аймактарында катталган уурулук фактысы боюнча болжол менен 20га жакын кылмышка тиешеси бар деп шектелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 237
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×