Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Талас облусуМанас району 17.04.2018 16:40

Айыл турмушу: Манастык Р.Боронбаев 15 сотых жерге күнөскана куруп иштетүүдө (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын 48 жаштагы тургуну Рысбек Боронбаев 15 сотых жерге күнөскана куруп иштетүүдө. Аймактык кабарчы дыйкандын иши менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунда дыйканчылык иштер башка аймактарга салыштырмалуу эрте башталат.

«Биздин райондо башка райондорго салыштырмалуу жазгы талаа жумуштары эрте башталат. Өзүм үй-бүлө кургандан баштап эле дыйканчылык менен алектенип келем. Биздин Манас районунун эли көбүнчө таттуу калемпир өстүрүп сатышат. Быйыл 15 сотых жерге таттуу калемпир, пияз, памидор, ачуу калемпирдин көчөттөрүн өстүрүп жатам. Күнөсканага март айынан баштап даярдык көрүлүп баштайт. Марттын орто ченинде урук себилип калышы керек. Себилген уруктун үстүнө сөзсүз кык чачам. Көчөттөрдү күн сайын бир маал карап, чөптөрүн отоп туруу керек. Аба ырайына карата суу берип турам. Эгер күн ысык болсо күндө бир маал, күн салкын болсо 1 жумада 1 жолудан сугарып турам. Көп сууну да каалабайт. Эгер көп сугарылып ным болуп калса, сепкен уруктар ооруп, көчөт чыкпай калат. Себилген уруктар май айынын ортосунда тиккенге даяр болуп калат. Өзүм тигип бүткөн соң артып калган көчөттөрдү сатам. Күнөсканадагы көчөттөрдүн 1 метр квадратта өскөнүн 1 миң сомго баалап сатам. Кээ бирлер бир күнөскананы баалап сатышат», - деди ал.

Рысбек мырза Айнура айым менен 2 уул, 1 кыз 4 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×