Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2018 16:18

Ак-Талаада суу сактагычтар жана насостук станциялар оңдолуп, дыйкандарга сугат суусун берүүгө даярдалды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата жана тоют өсүмдүктөрүн сугат суусу менен камсыздоо үчүн суу каналдар, насостук станциялар жана убактылуу суу сактагычтарды оңдоо иштери жүргүзүлүп, учурда дыйкандарга сугат суусун берүүгө даяр экендигин суу чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондо 15 миң 643 гектар суу баскан аянт бар. Мунун ичинен 13 миң 993 гектары айдоо аянт. Суу баскан аянттарды сугат суулары менен камсыз кылуу үчүн район боюнча 639,4 км узундуктагы канал, 396 даана гидротехникалык суу бөлгүч курулма, 73 даана суу өлчөгүч пост, 2 даана БДР, 9 даана БСР жана 2 даана электр насостук станциясы бар.

Б.Акматовдун айтымында, 2018-жылдын сугатына даярдык көрүү жумуштары 2017-жылдын сугаты бүткөн мезгилден баштап ишке ашып, анын 90 пайызы бүткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×