Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Нарын облусуНарын району 17.04.2018 15:46

Он-Арча айылын аралап өткөн сугат латогунун эскилиги жетип, үйлөрдө жаракалар пайда болууда (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Он-Арча айылын аралап өткөн сугат латогунун эскилиги жетип, андан чыккан суу тургундардын үйлөрүндө жаракаларды пайда кылууда. Бул тууралуу кечээ, 16-апрелде Нарын районунун жетекчилеринин иш сапарынын жүрүшүндө Он-Арча айлынын өкмөт башчысы Автандил Молдосалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Он-Арча айылында талаачылык иштерине пайдалануучу насостук станция болгондугуна байланыштуу андан чыккан суу айылды аралап өтөт.

«Сугат латогу насостук станция менен бирге 1972-жылы курулган. Латоктон аккан суу айылды айланып өткөндүктөн жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бирок ага карабастан, суу жердин асты менен агып, айылдагы тамдар жарылууда. Мунун айынан айыл жогору жакка көчүүдө. Ошондой эле, айылда жердин астындагы суу көтөрүлүп, кээ бир адамдар короолорунан эле суу казып чыгарып жатат», - деди А.Молдосалиев.

Айыл өкмөт башчысы сугат латогун оңдоого жардам берүүнү же долбоор аркылуу жаңысын куруп берүүнү райондук жетекчиликтен суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×