
Turmush - Нарын районуна караштуу Он-Арча айылын аралап өткөн сугат латогунун эскилиги жетип, андан чыккан суу тургундардын үйлөрүндө жаракаларды пайда кылууда. Бул тууралуу кечээ, 16-апрелде Нарын районунун жетекчилеринин иш сапарынын жүрүшүндө Он-Арча айлынын өкмөт башчысы Автандил Молдосалиев билдирди.
Анын айтымына караганда, Он-Арча айылында талаачылык иштерине пайдалануучу насостук станция болгондугуна байланыштуу андан чыккан суу айылды аралап өтөт.
«Сугат латогу насостук станция менен бирге 1972-жылы курулган. Латоктон аккан суу айылды айланып өткөндүктөн жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бирок ага карабастан, суу жердин асты менен агып, айылдагы тамдар жарылууда. Мунун айынан айыл жогору жакка көчүүдө. Ошондой эле, айылда жердин астындагы суу көтөрүлүп, кээ бир адамдар короолорунан эле суу казып чыгарып жатат», - деди А.Молдосалиев.
Айыл өкмөт башчысы сугат латогун оңдоого жардам берүүнү же долбоор аркылуу жаңысын куруп берүүнү райондук жетекчиликтен суранды.