Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2018 15:18

Кош-Дөбөдө дайынсыз жоголгон Бурул Чыпаева 14 жылдан бери изделип келет (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын 45 жаштагы тургуну Бурул Чыпаева дайынсыз жоголуп, 10 жылдан бери изделип жаткандыгын райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Мунарбек Манапбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, дайынсыз жоголгон Б.Чыпаева 1973-жылы 17-январда Кош-Дөбө айылында туулган. Ал 2004-жылы 11-июлда өз үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 165-170 сантиметр. Чачы кара, кыска. Денеси орто түзүлүштө, бетинин түзүлүшү тоголок, каштары түз, көздөрү күрөң жана кырдач мурун. Оң бөйрөгүнүн тушунда бармак басымдай күйгөн тагы бар. Маңдайкы тиштерине ак темирден жасалган коронка кийгизилген.

Кийген кийимдери: башында көк жана ак түстөгү жоолуктар. Үстүнө көк жана кызыл түстөгү 2 свитер каттап кийген. Көк түстөгү джинсы шым жана бутуна кызыл түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Эгерде ушул адамды көрүп-билгендер болсо, Ак-Талаа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлай алышат. Байланыш телефондору: 0 (3537) 92-1-87, 0772-396-662.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×