Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Нарын облусуНарын району 17.04.2018 14:34

Айыл турмушу: 31 жаштагы А.Ыдырысов цех ачып, айылдаштарына заманбап үй эмеректерин жасоодо (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 31 жаштагы тургуну Акылбек Ыдырысов мындан 3 жыл мурун долбоор жазып, устакана ачкан. Анын жасаган кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Устанын айтымында, өзүнүн кесиби боюнча энергетик. Бирок кичинекей кезинен бери устачылык өнөргө кызыгып келген.

«2009-жылы Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агротехникалык факультетинде окуп, энергетика кесибине ээ болгом. Ал кесип менен 4 жыл Нарын шаарында эмгектендим.

Бала чагымдан бери устачылык өнөргө кызыккандыктан, мындан 3 жыл мурун устачылык боюнча ишкерлерди жумушка тартуу үчүн долбоор даярдап, сынакты утуп алгам. Учурда ишканада 3 адам жумуш орду менен камсыздалып, айылдаштарыбыздын суроо-талабы, табитине жараша үй эмеректерин жасап келебиз.

Бул иш менен гана чектелбей таман таш, пескоблок жана башка үй курулушуна керектүү айрым жабдыктарды чыгаруучу ишкана ачтым. Бул жаатта 10 бала иш менен камсыздалып, бул ишке кызыккан балдарга үйрөтүп, ишканамды кеңейтейин деген оюм бар», - деди ал.

Уста жубайы Э.Токтокадырова менен баш кошконуна быйыл 8 жылдын жүзү болду. Алар учурда бир уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×