Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2018 14:02

Операциядан кийин эс-тутумун жоготкон тургун: Ак-Кыяда дайынсыз жоголгон К.Султаналиев 6 жылдан бери изделүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 52 жаштагы дайынсыз жоголгон тургуну Казыбек Султаналиев 6 жылдан бери изделип жаткандыгын райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Мунарбек Манапбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, К.Султаналиев 1966-жылы 20-январда Ак-Кыя айылында туулган.

«2011-жылы апрель айында Казыбек Султаналиевдин баш сөөгүнө операция жасалып, ошондон кийин эс-тутумун жоготкон. 2012-жылы 20-февраль күнү Ак-Кыя айылынын Кубатаалы көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес», - деди М.Манапбаев.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, чачы кара, кыска, арык чырай, каштары түз, көздөрү күрөң. Оң колунда факелдин сүрөтү тартылган татиуровка чегилген. Баш сөөгүнүн үстүндө 3 см тырык бар.

Кийген кийимдери: башында кара түстөгү баш кийим, кара түстөгү куртка, жашыл түстөгү шым жана кара түстөгү өтүк.

Жогоруда адамды көрүп билгендер болсо, Ак-Талаа РИИБдин 0 (3537) 92-1-87 жана 0772-396-662 телефон номурларына чалып байланыша алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×