Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

Түптүн Байзак айылындагы окуучулар кооптуу мектепте окуп жатышат (фото)

Turmush -  Түп районунун Сан-Таш айыл аймагына караштуу Байзак айылындагы А.Муканов атындагы мектеп учурда авариялык абалда.

Мектептин чарба башчысы Токтор Сулаймановдун айтымында, 274 орундуу мектеп 1976-жылы курулган.

«Акыркы 40 жылдан ашуун убакыттан бери мектеп капиталдык ондоодон өткөн эмес. Учурда 320 окуучу билим алган мектептин чатырынан суу тамчылап, полу чирип калган. 2010-жылы авариялык абалда деген чечим да чыккан. Мектептин эки имараты бар, бири 1956-жылы курулса, экинчиси 1978-жылы курулган. Жамгыр жааган күнү чатырдан суу өтүп, кыйынчылык жаралууда», - дейт ал.

Мугалимдердин жамааты эскилиги жеткен имаратты оңдоого каражат жок болгондуктан окуучулар кооптуу абалда окуп жатышкандыгын белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×