Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 17.04.2018 13:04

18 жаштагы Э.Абдикеримов «Mister World 2018» сынагына катышууга даярданып жатат (фото)

Turmush -  «Мистер Ош 2018» сынагын жеңген 18 жаштагы Эрзаман Абдикеримов «Mister World 2018» сынагына катышууга даярданып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, Кара-Кулжа районунда чоңойгон. Азыркы учурда юридикалык академияда 1-курста окуп жатат.

«Бул сынакка өзүмдүн күчүмдү сыноо үчүн катыштым. «Минуты славы» сынагына катышкым келген. «Мистер Ош 2018» болуу кандай экени өзүмө да кызык болгон. Атаандаштар күчтүү болгондуктан сынак мен үчүн жеңил болгон жок. Аябай кыжалат болуп, ушунча аракетимден кийин да жеңишке ээ болбой каламбы деп корктум. Бул менин сахнага биринчи чыгышым, биринчи эмоциям. Жеңишке жеткен учурдагы сезимдерди эч качан унутпайм. Азыр болсо «Mister World 2018» сынагына катышууга даярданып жатам. Азыркы учурда чуркоо жана сууда сүзүүгө катышып жатам. Келечекте жакшы карьера, үй-бүлө куруп, Мекке жана Мединага баргым келет», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 15-апрелде Ош шаарында өткөн «Мистер Ош 2018» сынагында 18 жаштагы Эрзаман Абдикеримов жеңүүчү деп табылгандыгы кабарланган.

Сынактын уюштуруучусу Байэл Матисаков сынактын жыйынтыгында «Биринчи вице-мистер» наамын Дилмурат Турсунбаев ээлесе, «Экинчи вице-мистер» наамын Нурсултан Даниярбеков алган. Сынакка 15 жаштан 25 жашка чейинки 12 жигит катышкан. Катышуучулар саламдашуу, өз талантын көргөзүү жана кече кийимин көрсөтүү шарттарын аткарышкан.

«Мистер Ош 2018» наамын алган Эрзаман Абдикеримовго таажы, диплом, 20 миң сом сыйлык жана «Мистер Кыргызстан 2018» сынагына катышууга жолдомо ыйгарылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×