Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 17.04.2018 12:51

Кара-Балтадагы бала бакчанын аймагы роза гүлдөр менен кооздолду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Нур-Бешим» бала бакчасындагы 1,8 гектар жерге түрдүү сорттогу арча, роза гүлдөрү отургузулуп, көрктөндүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бала бакчасынын башчысы, билим берүүнүн отличниги Гүлнар Мамырбаева билдирди.

«Биздин “Нур-Бешик” бала бакчабыз али жаш. Болгону 3 жашта. Тактап айтканда 2015-жылы 3-июнда ачылганбыз. Бул бала бакча 1990-жылдардын аягында жабылып, имараты техникумга ижарага берилген экен. 2013-жылы кайра бала бакчага кайтарылып алынды. Ошентип 2 жыл оӊдоп-түзөөдөн өттү.

Тегерегиндеги арчалар берилип жаткан жылдары мэрия тарабынан отургузулган. Ата-энелер жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен бала бакчабыз заманбап бала бакчалардын бирине айланды. 2016-жылы "Жайыл районунун эӊ мыкты бала бакчасы" деген наамга ээ болгонбуз.

Учурда “Таза коом” долбоорунун алкагында 1,8 га жерге түрдүү сорттогу арчалар, розалар отургузулуп, көрктөндүрүлдү», - деди ал.

Бала бакчада 11 тарбиячы эмгектенсе, 400 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×