Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Талас

Таласта банктан кредит алып, үйлөрүнөн ажырагандар митингге чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Талас шаарындагы райондор аралык соттун алдына 20га жакын адам нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алардын айтымында, жергиликтүү банктардан насыя алышып (ар кандай сумма), үйлөрүн күрөөгө коюшкан.

«Ар кимибиз шартка жараша учурунда акча төлөй албай, иш сотко өтүп кеткен. Бул жактан 44 адам үйүбүздөн айрылып, ушул жерде турабыз. Канчалаган киши соттошсо да өкүм банктын пайдасына чечилет. Кызыгы турак жайыбызды банкка өткөрүп берүүдө бизге кабар барбай эле соттун чечими чыгып калат. Кабары жок эле калып калат экенбиз. Качан гана банктын кишилери барып, «үйдү бошот» дегенде угуп жатабыз», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 471
Көп окулду
×