Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Нарын

Нарын шаары «Мыкты муниципалдык тажрыйбалар» сыйлыгын жеңди (фото)

Turmush -  11-12-апрель күндɵрү Бишкек шаарында ɵткɵрүлгɵн Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын V эл аралык форумуна Нарын шаары да активдүү катышып, «Муниципалдык билим берүүдɵгү санариптик технологиялар жана инновациялар» номинациясы боюнча жеӊүүчү деп табылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Мүсүравлиева билдирди.

Маалым болгондой, эл аралык форум КРдин жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар союзунун, Россия шаарлар союзунун, өкмөткө караштуу жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Ѳкмɵтүнүн колдоосу аркылуу уюштурулган.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов билдиргендей, Россия шаарлар союзу демилгелеген бул форум буга чейин 4 жолу Россияда ɵткɵрүлгɵн. Россия шаарлар союзунун президенти Станислав Мошаровдун сунушу менен V эл аралык форумду Кыргызстанда ɵткɵрүү демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн колдоосу менен ɵткɵн жылдын декабрь айынан бери даярдык иштери көрүлүп баштаган.Ага Кыргызстандан, Россиядан жана Америка, Түштүк Корея, Финляндия, Турция, Албания, Кытай, Германия, Кипр сыяктуу жакынкы жана алыскы 11 мамлекеттин шаарларынын ассоциацияларынын башчыларынан, шаар мэрлеринен турган 150дɵн ашык ɵкүл катышып, 4 багыт боюнча муниципалдык мыкты тажрыйбаларын ортого бөлүшүшкөн.

Жыйынтыгында эӊ мыкты тажрыйбалар үчүн сыйлыктар тапшырылып, анын жеңүүчүсү болуп Кыргызстандан Бишкек, Нарын жана Ош шаарларынын муниципалдык тажрыйбалары мыкты деп табылып, жеӊүүчү шаарларга форумдун символикалык сыйлыгы, дипломдору ыйгарылган.

Аталган форумга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев жана өкмөт мүчөлөрү, депутаттар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 565
Көп окулду
×