Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Баетовдун айрым тургундары айылдын этегине мал менен иттин өлүгүн таштаган жашоочуларга нааразы (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын түндүк тарабы таштандыларга толуп, мал жана иттердин өлүгүнөн бери ташталган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, таштандылар ошол эле тарапта жашаган айрым жашоочулар тарабынан ташталууда.

«Өзүбүз жашап жаткан айыл болгондон кийин, айланабызды таза эле кармасак болмок. Бирок, айрым тургундар муну туура эмес түшүнүп жатышат. Иттин өлүктөрүнөн бери сасып жатат. Өлгөн мал жандыктарын алып келип ушул жакка ыргытып кетишет. "Таштанды таштабагыла" деп айтканыбыз менен жаман көрүшөт. Баягы "айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман" дегендей. Бул жерге келип бала-чака ойнойт, малдарыбыз жүрөт. Оору-сыркоонун баары эле ушундан жугат. Жыл сайын сейил бакка ишембилик өткөрүшөт. Бирок бул жактан баары бир целлофан баштыктар учуп барып, сейил бакты толтуруп салып жатпайбы.

Айыл өкмөттүн алдында "Таза Баетов" ишканасы жума сайын таштандыларды чыгарат. Эми ушул жакка алып келип таштабай эле, акыр-чикирлерин короосунун бир жерине чогулта туруп, тазалык ишканасы келген кезде ошолорго салып берип койсо, алар атайын таштанды төгүүчү жайга төгөт эле да. Ага жеткирбей эле, минтип айылдын этегине алып чыгып төгүп салышууда», - деди Бакыт Карыбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×