Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Чүй

Жаш талант: Шал оорусу менен жабыркаган И.Сагынганов ырдап ар кандай кароо-сынактарга катышып келет (фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 14 жаштагы тургуну Исхак Сагынганов кичинекей кезинен бери чыгармачылык менен алектенип, ар кандай кароо-сынактарда, майрамдарда өз өнөрүн тартуулап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Исхактын чоӊ энеси Нурулай Боокенованын айтымында, ал төрөлгөндө эле церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн.

«Неберем 7 айлык болуп төрөлдү. Көтөрүп бакчубуз, акыркы убактарда бир аз жылыш бар. Жакын аралыкка таяк менен басып калды. Алыска болсо майып арабага салабыз.
8 жашында бир фондго барып, ошол жактан ырдап, ар кандай сынактарга катыша баштады. Кийин дагы бир радиого алып бардым. Ошол радиого баргандан тарта "мен диджей болом" деп айтып келет. Радиодон кандай ыр жакса, ошонун баарын ырдайт. Бакыт Мамаев да бир ыр жазып берген. Аны да ырдап жүрөт. Кызыл-Туу айылында өткөн Ноорузда Ишен Назаровдун "Апакем" деген ырын ырдап берди. Кээде "Манас" эпосунан үзүндү айтат», - деди ал.

Исхак учурда Кызыл-Туу айылындагы Чодугул Байсалбеков атындагы орто мектепте 8-класста билим алат.

«Мен 8 жашыман баштап ырдап келем. Эӊ алгачкы жолу сахнага Турусбек Жумалиев менен чыккан элем. Чоӊ энем мени ар кандай фонддорго алып барып катыштырып, шаардагы атайын интернатка алып барып окутуп турат. Ошондой эле айылыбыздагы мектептен да билим алып, башка балдар менен чогуу окууну бүткөнгө аракет кылып жатам», - деди ал.

Исхак 2003-жылы Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эӊ улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 343
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×