Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 17.04.2018 10:50

Таластагы айдоочулар унаалардын документтери кымбатка бүтүп жатканынан нааразы

Turmush -  Таласта унаасына тиешелүү документ (техпаспорт) жана жаңы номер алып жаткан айдоочулар коюлган бааларга нааразы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айдоочулардын айтымында, массалык маалымат каражаттарында, сыналгыда «унаалардын документтери бекер бүтөт, ашып кетсе 600-700 сом болот» деп айтылып жаткан.
«Келсек эң эле арзан бүткөнү 2500 сом болуп жатат. Жаңы номер жаңы техпаспорт алуу керек экен. Эски номер, техпаспорт менен Жамбылга чек арадан өтө албайт экенбиз. Айдоочуларды 2 жыл сайын эле «документтерди жаңырткыла» деп кыйнагандарын коюшпайт», - деди айдоочулар.

Талас аймактык автотранспорт каттоо бөлүмүнүн башчысы Аман Кулубаев мурда колдонулган номерлерди бекер берилип жаткандыгын, бирок андай номерлер азыр калбай калгандыгын айтты.

«Бизде өкмөттүн айдоочулардын техпаспорту жөнүндө 27-мартта чыккан 156-токтому бар. Айдоочулардын техпаспортун өздөрүнүн каалоосу менен калтырып койсок болот. Техпаспорттун аркасына алган номерин эле түшүрүп коебуз. Техпаспорттун аркасына Таластын номерин жазып койгондо унаа чек арадан өтпөй калат. Башка мамлекетке кирип жатканда техпаспортуңарды жаңы албасаңар ал жактын полициясы унааны камап коет. Мурда колдонулган номерлерди бекер беребиз. Бирок азыр колдонулган номер калбай калгандыгына байланыштуу жаңы номер сатып алышууда.

- Жаңы номердин баасы 938 сом,

- Техпаспорт - 850 сом,

- Арыз - 160 сом,

- Кызмат акысы 98 сом, (мисалга унаа кыймылдаткычы 2 куб болсо пайыздык төлөмү 100 сом болот)», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×