Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 17.04.2018 10:58 На русском

Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Каза болгон үй-бүлөнүн артында эки бала жетим калган (видео, фото)

Turmush -  Ушул жылдын 4-мартында Жалал-Абалдан Бишкекти көздөй бара жаткан «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу унаа кагышкан. Анын кесепетинен «Тойота Ист» унаасынын ичиндеги айдоочу жана анын эжеси менен жездеси, ошондой эле алты жаштагы жээни каза болгон. Бул тууралуу «Тойота Ист» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун бир тууган карындашы Кымбат Алымкулова билдирди.

«Аталган унаанын айдоочусу Үсөнаалы уулу Улан менин бир тууган агам болчу. 28 жашта эле, Бишкекте куруучу болуп иштечү. Үй-бүлө кура элек эле. Бул агамды жездемдин жакын тууганы өтүп кетип, жездем менен эжем Жалал-Абадка айдатып барышкан. Алардын 6 жаштагы баласы да барган. 4-март күнү алар Бишкекти көздөй кайра сапар алышып, Суусамыр жергесине жеткенде түшкү саат 14:00 чамасында жүк ташуучу унаа менен кагышып, төртөө тең каза болушкан. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу — 1977-жылы Баткен облусунун Кадамжай шаарында туулган тургуну болгон. Бул унаада айдоочунун бир тууганы да болгон.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу ушул күнгө чейин жазаланган эмес. Ал кырсык болгон күнү эле камалып, кайра чыгып кеткен. Тергөөчүлөр "эки айдоочу тең күнөөлүү эмес, кокустук" деп жазышыптыр. Бирок биз аларга "канааттандырарлык эмес" деп жооп бердик. Бул жерде таптакыр акыйкат жок болуп жатат. Биз төрт адам жоготуп, кайгырып жатабыз.

Эжем менен жездемдин артында дагы бир кыз, бир уулу жетим калды. Атам менен апам да катуу кайгырып, абдан жаман болуп жатышат», - деди ал.

Каза болгондордун тизмеси:

- 1977-жылы туулган Надырбаев Сонунбек Аскарович;
- 1979-жылы туулган Биримкулова Рысбү Сайдавдималовна;
- 2011-жылы туулган Аскарев Ыйман Сонунбекович;
- 1990-жылы туулган Үсөнаалы уулу Улан.

Бул окуянын күбөлөрү 0707 201 376 номуруна чала алышат.

Буга чейин Turmush басылмасы Бишкек—Ош унаа жолунун Өтмөк ашуусуна жетпеген тилкесиндеги жол кырсыктан 4 адам көз жумгандыгын жазган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, кырсык 4-мартта саат 14:30 чамасында болгон. Жүк ташуучу унаанын (Scania) айдоочусунун айтымында, ал Бишкек–Ош жолунда өзүнүн тилкесинде бара жаткан. Жолдон капысынан «Тойота Ист» унаасы чыга калып, унаалар маңдайы менен сүзүшкөн. Кагышуунун кесепетинен жеңил унаадагы 4 адам оор жаракат алып, көп узабай көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×