Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 17.04.2018 10:25 Жаңыланды: 20.05.2018 14:12

Жеңеке: Баткендик Назгүл жеңе кошуна классташы менен 8 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы 37 жаштагы Закирова Назгүл жеңе классташы менен 8 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Улукбек Абдырахманов классташы гана эмес, кошунасы дагы болчу.

«Күйөөм менен бир класста окугам. 8-класстан тарта бири-бирибизди жактырып, сүйлөшө баштаганбыз. Күйөөм мектепте уялчаак болчу. Майрамдарда калтырбай гүл, чынжырча, шакек белек кылып жүрчү. Өзү бербей ортодо ташычуу кыздардан же кичине класстардын балдарынан бердирет эле. Бир жолу белекке жоолук берген. Кийин мен Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетине тапшырдым. Жигитим айылда жүрчү. Негизи ал да окууга тапшырган, бирок окуусун таштап келе берген. Ар бир каникулда мени күтүп, тосуп алчу. Кийин мен 4-курсту бүтөрдө, кыз-жигит болгонубузга 8 жыл дегенде баш коштук. Азыр экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 17 жыл болду. Күйөөм менин жашоомдогу биринчи жана акыркы сүйлөшкөн кишим. Экөөбүздүн үйүбүз да жакын болчу, кошуна турабыз. Кайын атам өтө сүрдүү киши болчу. Жаңы келин болуп келгенимде суу ташып жатып кайын атам топ кишилер менен турса алардын жанына келгенде жыгылып уят болгом», - деди ал.

Назгүл жеңе азыр айылдагы мектепте чет тил сабагынан мугалим болуп иштейт. Жолдошу Улукбек Абдырахманов айдоочу. Жубайлар 3 уул, 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×