Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ысык-Көл

Балыкчыда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн автожүрүш уюштурулду (фото)

Turmush -  Балыкчы ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында автожүрүш уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Автожүрүштө эвакуаторго жүктөлгөн авариялык абалдагы унаа эл көп жүргөн көчөлөрдө тургундарга көрсөтүлдү. Эвакуаторду баштап жүргөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн унаасынан, аталган бөлүмдүн кызматкери микрофон аркылуу Балыкчы шаары боюнча 2018-жылдын 3 ай ичинде катталган жол кырсыктарын айтышты.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылдын 3 ай ичинде 6 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болгон жана 6 адам ар кандай жараат алган. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн катышуусунда 1 жол кырсыгы катталган. Автожүрүштө алар айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин, жөө адамдарга жөө жүргүнчүлөрдүн эрежелерин сактоого чакырышты.

Балыкчы ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Т.Жумабеков: «Ушул жылдын 3 айында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү боюнча 3 факты катталган, анын кесепетинен 1 адам каза болуп, бирөө жараат алган. Кагылышуу боюнча 3 учур катталып, андан 4 адам жаракат алган, ошонун ичинен автоунаанын оң рулдук башкаруусунда 2 кагылышуу катталып, 1 адам каза болсо, бирөө жараат алган. Автоунаанын сол жак башкаруусунда 4 жол кырсыгы катталып, 5 адам жаракат алган. Балыкчы шаарынын айдоочулары тарабынан 6 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 6 адам жараат алып, 1 адам каза болгон. Башка жактын автоунаалары тарабынан жол кырсыгы катталган эмес», - деди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×