Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2018 09:20

Баетовдо сапатсыз курулган дренаж иштен чыгып, кейиштүү абалга кептелди, - тургундар (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын түндүк тарабындагы дренаж сапатсыз курулгандыктан жана таштандылардын төгүлүүсүнөн улам иштен чыгып жаткандыгына айрым жергиликтүү тургундар нааразы болууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Баетов айылынын түндүк тарабында жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн улам бир топ тургундардын турак жайлары жараксыз абалга кептелген. Бул маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине убагында билдирүү болуп, анын негизинде 2014-жылы 13 млн 35 миң сомго 975 метр ачык дренаж жана 2397 метр жабык түрүндөгү дренаж курулуп, пайдаланууга берилген.

Баетов айылынын тургуну Бакыт Карыбеков дренаждын иштен чыгып калышына 2 фактор себепкер экендигин, жабык дренажга курулган кудуктардын ооздору ачык болуп кооптуулукту жаратып жаткандыгын айтты.

«Өзүңүздөр дренажды толук кыдырып көрдүңүздөр. Дренаж бүгүнкү күндө толук кандуу иштебей, өз миссиясын аткарбай, кейиштүү абалга кептелди. Жабык курулган дренаждарга орнотулган кудуктардын айрымдарынын үстү жабык болсо, айрымдары ачык турат. Ага айрым жергиликтүү жашоочуларыбыз таштандыдан тарта малдын өлүгүнө чейин таштап салышууда. Жабык дренаждардын үстүлөрү кеткени аз келгенсип, ичине ташталган таштандылардан улам астындагы суу түтүктөрү бүтөлүп калган», - деп кейиди Б.Карыбеков.

Дренажга сарыгып түшкөн суулар Баетов айылынын түндүк тарабында орун алган Кайыңды-Булак айылына агып барат. Ал айылдын эли ушул суу менен бакчаларын, жер-жемиштерин сугарышат.

«13 млн сомдон ашык каражатка курулган бул объектинин минтип кейиштүү абалга кептелип жатышын 2 фактор менен карасак болот. Биринчи, дренаж сапатсыз курулган. Экинчиден, таштанды ыргытууга болбойт деген атайын эскертүү белгилери коюлбай, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй, анын кесепетинен ушул айланада жашаган айрым тургундарыбыз акыр-чикир, көмүрдүн күйгөн калдыгынан тарта малдын, иттин өлүгүнө чейин дренаждын жана кудуктардын ичине ыргытып салышкан. Мунун кесепетинен дренаждын алдындагы суу түтүктөрү бүтөлүп калып, учурда суунун көтөрүлүшү кайрадан айылга коркунуч жаратууда. Курулгандан бери эч ким көзөмөлгө албай, кароосуз калды да. Ушунча каражат сарптап курулган объектини көздүн карегиндей сакташыбыз керек эле», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×