Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Нарын

Нарын шаары Россиянын Челябинск, Уфа шаарлары менен кызматташат

Turmush -  Нарын шаарынын мэриясы Челябинск, Уфа шаарларынын мэриясы менен кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов билдирди.

Дүйнөдөгү ири шаарлар союзунун башчысы, Уфа шаарынын мэри Ирек Ялаловдун катышуусунда 2 тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашууга багытталган келишими түзүлдү.

«Дүйнөлүк шаарлар арасында кызматташууну мындан ары да жакшыртуу тилектерибиз бар. Учурда Челябинск, Уфа шаарларынын мэрлери менен кызматташтык келишимин түздүк. Эми мындан ары да 2 мамлекеттин ортосундагы шаарлар менен тыгыз кызматташтык улана бермекчи», - деди Алымкулов.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу 2010-жылы түзүлгөн. Өлкөдөгү 31 шаардык мэрия жана 453 айыл өкмөт аталган союздун мүчөлөрү болуп саналат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 779
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×