Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуБаткен району 17.04.2018 08:00

Баткендеги жайыттарды жакшыртуу үчүн техникалар тапшырылды (фото)

Turmush -  АРИС тарабынан Баткен районуна жана Баткен шаарына айыл чарба техникалары берилди. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, гранттык негизде берилген техникалар Баткен районунун 6 айыл өкмөтүнүн жана Баткен шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине тапшырылды. Бул гранттык колдоонун негизги максаты жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат. Атайын техниканы сатып алуу үчүн АРИС тарабынан 17 488 800 сомдук колдоо көрсөтүлдү. Акыркы 3 жылдан бери АРИСтин «Айыл чабасын жана рынокту өнүктүрүү 2» долбоорунун алкагында облустагы 34 жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин 31не айыл чарба техникалары берилди. Дагы 3 жайыт комитетине жакынкы күндөрү берилет. Бул долбоордун алкагында Баткен облусуна 189 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×