Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Баракелде

«Ата-энем менин пикиримди колдоду»: 20 жаштагы студент кыздык белгисин аукционго койду

Turmush -  Акыркы убактарда кыздык белгини сатуу каржы маселелерин чечүүнүн бир ыкмасы болуп калды. 20 жаштагы австралиялык Киара да кыздык белгисин сатууну чечкен жана анын мындай кадамын ата-энеси колдоого алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Киара Сиднейге жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн барып, өз алдынча жашоодо кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ал өзүн камсыздап жана ата-энесине жардам берүү үчүн акча табуунун жеңил ыкмасын колдонгон.

Ал кыздык белгисин аукционго коюп, өзү тууралуу маалыматтарды атайын агенттиктин сайтына жайгаштырган. Кыздык белгинин баштапкы баасы 100 миң еврону түзөт. «Ал акча окуумдагы, жашоомдогу чыгымдарды төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ата-энемден толугу менен көз карандысыз болуу — мен үчүн чоң мааниге ээ. Заманбап дйүнөдө эч кимге ишенбөө керек. Менин бул кадамымдан ата-энем кабардар. Алар бул пикирге каршы болушкан жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3395
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 5 адам окуп жатат)
×