Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ош

Ошто милиционерлер тарабынан кыйноого алынып, боюнан түшкөнүн айткан аялга алдамчылык беренеси боюнча айып салынды

Turmush -  Бүгүн, 16-апрелде Ош облустук сотунун соттор коллегиясы алдамчылыкка шектелген аялга айып салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Р.Н. — подполковник Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектелген жарандын жубайы. Милиция кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алгач аны шектүү катары кармаган. Бирок анын кылмышка тиешеси бар экенин далилдеген фактылар жок болгондуктан кое беришкен.

Соттук коллегия иштин материалдарын карап, Р.Н.ди Кылмыш-жаза кодексиндеги 350-берененин 2-бөлүмү (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 166-берененин 2-бөлүмүнүн (алдамчылык) негизинде күнөөлүү деп тапты. Ал мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Бирок сот аны 166-берененин 2-бөлүгүнүн негизинде күнөөлүү деп таап, 20 миң сом айып салды. Ошондой эле Р.Н. жабырлануучу А.А.нын пайдасына 149 миң сом төлөп бермек болду.

Буга чейин Н.Раджапова ушул жылдын январь айында АКИпресс-Ошто уюштурлган маалымат жыйында милиция тарабынан кыйноого алынып, кылмышты мажбурлоо менен моюнга алдыруу ыкмасы колдонулганын айтып чыккан.

Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына, Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, ишти УКМКга өткөрүп берүүнү суранышкан. Күйөөсү, иниси, 18 жаштагы баласы кармалган Наргиза Ражапова окуя тууралуу айтып берген эле.

«Мен дүкөндө иштейм. Подполковник иштеген имарат дүкөндүн алдында жайгашкан. Ал жерде иштегендер мага кардар катары тааныш. Уларовду да кардар катары тааныйм. Буга чейин дүкөнгө ууру киргенде да ага айткам. Окуя болгон күнү аны менен уурулук боюнча телефондо сүйлөшкөнбүз. Ал менден 5 миң сом карыз алган. Ошондой эле, «телефонго бирдик салып кой» деп телефон чалган эле. Ошол сүйлөшүүлөр версия катары айтылып жатат. Мен аны менен ойнош болгон эмесмин. Менин күйөөм, балдарым бар.

Окуядан кийин милиционерлер бизди кармап барып, мени күнөөлөй башташты. "Кат жазгансың, телефондо сүйлөшкөнсүң" деп күнөөлөштү, "бузулган аялсың" деп тилдешти. Бизди кармап баргандан кийин инимди кыйноого алышты. Анын эстен танып жаткан жерин өз көзүм менен көрдүм. Менин да шымымды чечип, кыйноого алышты. Анын кесепетинен эгиз балдарым боюмдан түшүп калды. Бизди эки күн бою кыйноого алышты. Андан улам күйөөм күнөөнү мойнуна алууга мажбур болду. Учурда ал СИЗОдо жатат. Кыйноого алынганыбызды далилдеген, курсагымдагы эгиз балдарымды жоготконум боюнча тиешелүү кагаздар бар. Инимди күйөөмө көмөктөшкөн деп күнөөлөп жатышат. Алгач күйөөмдү, инимди, баламды жана мени кармашкан. Кийинчерээк уулум экөөбүздү бошотушту», - деген ал.

Ушул жылдын 2-апрелинде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кош бойлуу аялды кыйноо фактысы боюнча Ош ШИИБдин кызматкерлерине кылмыш иш козголгонун билдирген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1338
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×